www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам укуктары жана эркиндиктери, демократия жөнүндө тынымсыз сөз кылган батыш өлкөлөрү Израилдин кыргындарын алыстан карап турушат. Бул тууралуу Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-ноябрда Ташкентте өткөн Экономикалык кызматташтык кеңешинин 16-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
— «Израиль тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 11 миң газалыктын 73 пайызы аялдар жана балдар. Израилдин администрациясы батыш өлкөлөрүнүн толук колдоосу менен мектептерди, мечиттерди, чиркөөлөрдү, ооруканаларды, университеттерди жана жарандык конуштарды бомбалоону улантып, бүт адамдык баалуулуктарды бузуп жатат. Жадакалса балдарды өлтүрүүнү актаган фанатизмге да туш болдук», - деди түрк лидери.
Эрдоган Батыш өлкөлөрүнүн Израилдин Газадагы ачык геноцидинин көшөгө артына кароону улантып жатканын баса белгиледи.
— "Бул өлкөлөр жана уюмдар ушунчалык алсыз болгондуктан, алар ок атышууну токтотууга чакыра албайт, жаш балдарды өлтүргөндөрдү сынга алмак турсун, сөз эркиндигин шылтоолоп, ыйык китебибиз Куранды өрттөп жаткандарга көз жумуп жаткандар эч нерсе кыла албайт. Ал тургай Палестинанын желегин да көтөрөт. 7-октябрдан бери биз күбө болгон эки жүздүүлүктүн көптөгөн мисалдары бар. Кырдаал дагы бир жолу мусулмандар катары биримдигибизди бекемдешибиз керектигин көрсөтүп турат. Биз гуманитардык тынчтыкты камсыз кылуу жана чыр-чатактын жайылышына жол бербөө үчүн дипломатиялык демилгелерибизди улантып жатабыз”, - деди Эрдоган.
Лидер айткандарын мисалдар менен далилдеди. Эрдогандын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Түркия Газа тилкесине 10 учак менен 230 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөткөн.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында Стамбулда Палестинаны колдоо митинги өткөн. Эрдоган Түркия Газа тилкесиндеги аракеттери үчүн Израилди согуш кылмышкери деп жарыялоону көздөп жатканын айтты.