www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режеп Тайып Эрдоган Казакстанга келет

Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Казакстан Республикасынын парламентинин расмий сайты Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда Түркия президентинин октябрь айындагы сапарын жарыялаганын белгилеген.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жыл сайын чыңдалууда. Бул негизинен президент Касым-Жомарт Токаев менен достук мамилелердин жана жемиштүү диалогдун натыйжасы. Ушул жылдын октябрь айына белгиленген Казакстанга келүүүңүздү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул сапар биздин бир тууган өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүп, аларды мындан ары чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнө ишенем», - деди Кошанов.

Өз кезегинде, Түркиянын Президенти Казакстандын түрк мамлекеттерин уюштуруудагы ролуна жогору баа берди.

«Казакстандагы стабилдүүлүк бүтүндөй аймак үчүн чоң мааниге ээ. Ушуга байланыштуу мен президент Касым-Жомарт Токаев ишке ашырган реформалардын маанисин жана анын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин жогору баалайм. Мен сиздердин өлкөдө болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып турам. Жалпысынан Казакстан менен Түркиянын эки тараптуу мамилелери эң жогорку деңгээлде. Бул маселеде парламенттер аралык кызматташууга чоң маани берилет», - деди Эрдоган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости