www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киев Кахов ГЭСинин бузулушу үчүн жооп бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Михаил Галузин «Россия 24» телеканалынын эфиринде билдирди.

«Албетте, биз бул маселени бардык эл аралык аянтчаларда көтөрөбүз, биз Киев режимин эл аралык коомчулук тарабынан айыптоого аракет кылабыз. Россия Федерациясынын Тергөө комитети Кахов ГЭСинин бузулушу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул кылмыштын, теракттын бардык күнөөкөрлөрү өз жазасын аларынан күмөн санабайм», - деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусу 6-июнга караган түнү болгон. Натыйжада Херсон жана Жаңы Кахов баш болгон ондогон калктуу конуштарды дээрлик суу каптаган. Миңдеген жарандар эвакуацияланып, 5 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости