www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рита Карасартова сот залына алып келинди

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунун коллегиясы активист Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча апелляциялык арызды карап жатат. Ал 23-октябрда кармалган.

Жактоочу камакка алуу учурундагы мыйзам бузууларды санап берди. Мисалы, тинтүү жана кармоонун өзү эртең мененки саат 8де болсо, кармоо убактысы протоколдо саат 12де жазылган.

"Чындыгында алар төрт саатка жакын мыйзамсыз кармашты. Тинтүү учурунда мыйзамсыз эч нерсе табышкан жок. Азырынча тергөөчү менен жолуга элекпиз", — деди жактоочу.

Ал ошондой эле баш коргоо чарасын түнү менен каралганын эске салды, бул жактоочунун айтымында, Кылмыш-процессуалдык кодекске каршы келет. Сот мунун баарын эртең менен жасай аларын эске салды.

"Саат 04:20да материалдарды кароонун кандай зарылчылыгы бар эле?" — деп сурады адвокат.

Ал камоону мыйзамсыз жана негизсиз деп таанууну өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости