www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Мраморное айылындагы жол кырсыгынын чоо-жайын айтып беришти.

Маалыматка ылайык, “Тойота Калдина” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 20 жаштагы А.У.А мас абалында болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдун жегиндеги бетонду сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен төмөнкү жүргүнчүлөр каза болгон:

1. 2009-жылы туулган Б.А.З.

2. 2007-жылы туулган Н.уулу Н.

3. 2006-жылы туулган С.З.Б.

Ошондой эле 2006-жылы туулган И.Ш.Ж жана И.А. Сокулук районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми унаанын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости