www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РКӨФ беш жылда 630 млн. долларлык долбоорлорду каржылайт

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 2023-2027-жылдарга карата түзүлгөн стратегиянын алкагында 630 миллион долларлык долбоорлорду каржылайт. Бул тууралуу РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков билдирди.

Анын айтымында, фонд иштеп жаткан сегиз жылдан бери Кыргызстандын экономикасына 520 миллион доллар салган.

"Инвестициялык каржылоодон тышкары долбоорлордун өзүнө көңүл буруудабыз. Өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, энергиянын кайра жаралуу булактары, логистика, IT багыттарындагы жаңы долбоорлорго басым жасайбыз", — деди Новиков.

Буга катар фонд ресурсунун жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн жаңы кредиттик продуктуларды иштеп чыкмакчы. Новиков мында ички структура модернизацияланып, жаңы IT чечимдер жана электрондук платформалар иштелип чыгарын айтып берди. Бул РКӨФ менен ишкерлердин алакасын жеңилдетүүгө өбөлгө болот.

"Аталган стратегияны ишке ашыруу зайымчылар экспорттогон товардын көлөмүн беш жылда 1,2 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө жол ачат. Соңунда жылдык кирешенин көлөмү болжол менен 1,5 миллиард долларга чыгат", — деди Новиков.

Фонд жетекчиси иштеп жаткан долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана жаңы өтүнмөлөрдү канааттандыруу үчүн каражат жетиштүү экенин белгиледи. Буга чейин ЖМКларда Бельгиянын Euroclear банкынын каржылык түзүмүнүн эсептериндеги РКӨФ активдеринин бир бөлүгү тоңдурулганы тууралуу маалымат пайда болгон. Фонд бул тууралуу комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости