www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-августта Бишкекте Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат.

Көргөзмөнүн ачылышы саат 14:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өтөт.

Иш-чара Борбордук Азия университетинин «Эс тутум жана эстеликтер: музейлер дубалсыз жана чек арасыз» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Экспозицияда музейдин фондунда сакталган Үркүн темасына арналган көркөм чыгармалар, ошондой эле изилдөө иштеринин алкагында чогултулган оозеки тарыхтардын негизинде даярдалган инсталляциялар коюлат.

Көргөзмөгө коюлган эмгектер Үркүн окуялары тууралуу оозеки тарыхтарды чогултуу жана изилдөө иштеринин жыйынтыгында жаралган.

Алар аркылуу тарыхый окуялардын элдин эс тутумунда калган издери жана муундан муунга өтүп келе жаткан эскерүүлөр чагылдырылат.

Көргөзмөнүн автору жана арт-куратору — Замира Батырбекова.

Долбоордун катышуучулары — Кулайым Батырбекова жана Акзыйнат Шеримбек кызы.

Последние новости