www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Россия 24» телеканалына берген интервьюсунда россиялык кесиптеши Владимир Путиндин Украинаны басып алуу «каалоосу жок экенин» билдирди.
«Путиндин Украинанын чыгышындагы бир бөлүгүн тартып алуу каалоосу жок экенин билем. Эмнеге? Азыр Россия дүйнөдөгү эң чоң аймакка ээ», — деди Назарбаев. Казак мамлекет башчысы «Украина үчүн тынчсызданып жатканын» айтып, «Россия менен Украина ортосундагы буга чейинки мамилелердин калыбына келишин» каалай турганын кошумчалады.
Москва менен Киевдин мамилеси 2014-жылы Россия Крымды аннексиялап алгандан кийин начарлап кеткен. Андан бир аз мурда евроинтеграцияны колдогон акциялардын жыйынтыгында Украинанын Россиячыл президенти Виктор Янукович бийликтен кеткен. Жарым аралды басып алгандыгы жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогондугу үчүн Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды киргизген.
Казакстан президенти Москвага каршы киргизилген санкцияларды контрпродуктивдүү деп атады. «Азыркы санкциялык шартта орус эли адатынча күчүн топтоп, алдыга кетүүдө. Бул бизге да пайда алып келип жатат, Россияга айыл-чарба азыктарын көбүрөөк жеткире баштадык, соода көлөмү көбөйүүдө», — деди Назарбаев.
Булак: NazarNews.kg