www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык массалык медиалар “ит” десе ишенчү эмес элем анча-мынча. Кечээ күнкү дүйнөнүн алдыңкы жаңылыгы АКШ тарабынан Кытайга карата киргизген санкциялары болду эле. Анда Кытайдагы мусулмандардын кысымга алынып жаткандыгын кескин сындаган АКШ бийлиги Кытай компартиясынын бир далай лөктөрүнө, бир далай мамлекеттик жана жеке ишканаларына санкция киргизген болчу. Чындыгында, тарыхый жактан өтө маанилүү окуя болду. Муну дүйнөдөгү болгон-болбогон ЖМК жазып, көрсөтүп дагы чыкты.

Дүйнө коомчулугу буга чейин эле Кытайдын Синьзянь-Уйгур автономиясында мусулмандардын, алардын ичинде басымдуу бөлүгү уйгур, казак, кыргыз улутундагылардын укугу бузулуп, мажбурлоо иретинде атайын тарбиялоочу лагерлерден өтүп жаткандыктарын айтышып, коңгуроо кагып келген. Бирок, баягы эле орус бийлиги ЖМКга “оозуңарды, көзүңөрдү, кулагыңарды жапкыла, колуңарды калемиңерден тарткыла!”- деди эле, анан эле тымтырс. Бир сөз, бир үн жок. Албетте, Россия үчүн Кытай азыркы тапта “палочка-выручалочка” болуп жатпайбы. Бирок, мынчалык деңгээлде эмес да.

Мисал катары айта кетсек, Кытайда жалпы калкынын бир пайызга жетпегени эле мусулмандар, ал эми Россиянын 40 пайызы ислам дининдегилер. Ошолордун жүгүн жеңилдетип койсо болот беле? Россиялык кесиптештерге ушунчалык боор ооруп кетти...

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости