www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген Азимбек Бекназаров 6-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүп көп нерсени ачыктап салды. Аны бири кечээги той.

Кечээ ЖК депутаты Руслан Казакбаев баласын үйлөнтүп, белгилүү саясатчыларды чакырган. Ал тойго экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаева менен кенже баласы Кадыр Атамбаев да барган. Рая Атамбаеванын барганын эч ким билген эмес, аны бүгүнкү жыйында Бекназаров айтып салды.

"Атамбаевди үй камагына чыгарып койбойсуңбу деген ойду айтканың туура экенин кечээги той дагы тастыктады. Анткени ал тойдо ошол эле Атамбаевдин аялы, баласы, Текебаев, Мадумаров, Бабанов, Ташиев дагы отурду. Биз кыргыз кичинекей элбиз. Эртең эле бир жерден болбосо, башка жерден ушинтип жолугабыз. Ошондуктан мен мурда эле айткам, бири-бирибизди каралабай, кечиримдүү бололу» деп. Кечээ мамлекеттик чиновниктердин Рая айым менен бийлегендерин, сүрөткө түшкөндөрүн көрдүм. Мен башка столдо отургам, ошондуктан сүрөткө түшкөн жокмун, аларга барган да жокмун. Мен аксакал болгон соң алар келип учурашса жакшы болмок, алар келген жок, мен да барган жокмун", - деди Бекназаров. Бул тууралуу "КабарИнфо" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости