www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда президенттин катчысы Дмитрий Песков  өлкөдө камакка алынган оппозициячыл Алексей Навальныйды колдоо  максатында эртең өткөрүлүшү пландалган  митингдердин «мыйзам тышы жана кабыл алынгыс экендигин» айтты. Песков Германиядан өлкөгө кайтуусунда камакка алынган Навальныйдын эркин койо берилиши үчүн өткөрүлүшү пландалган митингдерге байланыштуу журналисттерге маалымат берди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Пландалган митингдердин уруксатсыз экендигине көкүл бурган Песков : «Бул жерде бир гана позицияга ээбиз. Бул да мыйзамдарга шайкеш келүү жана мыйзам тышы кыймылдарды уюштуруу, өзгөчө да балдар менен жаштардын митингдерге катышуусу багатында  үгүттөөлөрдүн туура эместиги менен байланыштуу»,- деди.

Бул тууралуу жарандарды Россиянын ички иштер жана билим берүү министрликтеринин эскерткендигин айткан Песков федералдык маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө  мекемесинин социалдык медиа сайттарынан жаштарды уруксатсыз митингдерге катышууга чакырган басылмалардын токтотулушун талап кылгандыгын эске салды.

Песков : «Бул каналдар мыйзам тышы кыймылдарга катышуу чакыруулары үчүн колдонулууда. Ушунун негизинде Роскомнадзордун  бул сайттарды жазаландыруу тууралуу эскертүүсү туура»,- деди.

Ошол эле учурда Россияда иш алып барган youtube, TikTok жана инстаграм сыяктуу социалдык медиа сайттары жаштарды уруксатсыз  митингдерге катышууга үндөгөн басылмаларды өчүрө баштады.

17 -  январда камакка алынган жана 15 -  февралга чейин камакта кармаларына чечим чыгарылган Навальный 23 -  январда баарын нааразычылык акциясына чыгууга чакырган.

Камакка киргенден кийин youtub каналынан Навальный жана тобунун мындан мурда Путин менен жакын чөйрөсүн бутага алган «Путин үчүн сарай : эң чоң паракорчулуктун тарыхы» аттуу видео жарыяланып, көрүү рекордуна жеткен.

Последние новости