www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп жылына 221,4 миң доллар (айына 18 миң 45 доллар) пенсия жана социалдык жөлөкпул алууга укуктуу. Бул тууралуу CNN билдирди.

1958-жылы кабыл алынган "Мурунку президенттер жөнүндө" Федералдык мыйзамга ылайык, кызматтан кетпеген же импичменттин натыйжасында жоопко тартылбаган мурдагы мамлекет башчыларына жеңилдиктер берилет. Дональд Трамп АКШнын мурунку президенттерине төлөнгөн "алтын пенсиядан" баш тарткан жок. Бирок ал кызматтан кеткенден кийин эмне кылаары азырынча белгисиз. Трамптын президенттик мөөнөтү аяктады. Бирок, ага каршы импичмент жарыялоо маселеси дагы эле чечиле элек. Акыркы сөздү Сенат адаттагыдай эле айтып жатат.

Трамп пенсияга чыгуудан тышкары, өмүр бою коргоого үмүттөнө алат. Эгерде мурунку биринчи айым Мелания ажырашып, башка адамга күйөөгө чыгып кетпесе, анда ал дагы мамлекеттик көзөмөлгө алынат.. Бул максатта ага да бюджеттен жылына 1,5 миллион доллар бөлүнөт. Трамп ошондой эле АКШда кеңсе ачып, адамдарды жалдашы мүмкүн. Анын кызматкерлеринин эмгек акысынын бир бөлүгү федералдык бюджеттен төлөнөт. Трамп жубайы экөө аскер госпиталдарынын медициналык кызматын дагы колдонушу мүмкүн, бирок ал үчүн акыны өздөрү төлөшү керек. Буга чейин Трамп экс-президент болгондон кийинки биринчи күнү эмне кылганы айтылган.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости