www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус өкмөтүнүн айыгышкан оппоненти Алексей Навальный аны Орусияга кайтып келгенге чейин камакка алабыз деп айткан. Анын шериктери мындай окуя болуп кетсе, Навальныйдын бошотулушун камсыз кылуу үчүн демонстрациялар өткөрүүнү алдын-ала пландаштырышкан. Бул тууралуу Навальныйдын эң жакын колдоочуларынын бири Леонид Волков билдирди.

Президент Владимир Путиндин эң белгилүү сынчысы Алексей Навальный Орусияга 17-январда кайтып келди. Андан кийин ал дароо камакка алынып, учурда Москвадагы абакта кармалууда. Ага төрт иш боюнча айып тагылган. 44 жаштагы Навальныйдын уулануусунда Путиндин колу бар деп ырастоодо. Бирок Владимир Владимирович бул айыптоолорду четке кагып, Навальный АКШнын планынын бир бөлүгү болгон деп билдирди.

Навальныйдын өнөктөштөрү 23-январь, ишембиден баштап жалпы улуттук нааразычылык акцияларын баштоону пландаштырууда. Алар орус өкмөтүнөн Навальныйдын бошотулушун талап кылышууда. Навальныйдын жакын санаалашы Леонид Волков Reuters агенттигине билдиргендей, өкмөттүк оппоненттер демонстрациялар өткөрүүнү, ошондой эле Путин жана анын шериктери тарабынан жасалган кылмыштардын бетин ачкан видеотасмаларды чыгарууну пландаштырууда. Ошондой эле Навальныйдын командасы 19-январда Путиндин өзүнө арнап курган падыша сарайы жөнүндө видео жарыялады. Интернетте видео 53 миллион жолу көрүлдү.

«Биз Кремлдин массалык нааразычылыктардан коркконун билебиз. Эгерде нааразычылыктар жетиштүү болсо, анда бийлик эл тарапка өтүшү керек», - деди ал.

Кремлге жакын эки булак Навальный азыркы бийликке коркунуч туудуруп жатат деп жатышат. Демек, аны колдогон нааразычылык акциялары узак убакытка созула берсе дагы, Навальный түрмөдөн чыкпай калышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости