www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлиги Россиядан келген дарыгерлерди Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине алып барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов башында турган бир катар медицина кызматкерлерин жазуучунун уулу Элдар Айтматов өзү тосуп алган.
Ал атасынын жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, конокторго залкардын акыркы эмгеги болгон "Тоолор кулаганда" китебин тапшырган.
Ак халатчандар китебине жылуу пикирлерин калтырып, дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучунун чыгармачыл дүйнөсүнө баш бакканына кубанып турганын айтышкан.
Эске сала кетсек, пандемия башталгандан бери Россия Кыргызстанга ПЦР-тест, реагент, жеке коргонуучу каражат жана медициналык каражаттар жаатында кол кабыш кылып келе жатат. Ушул эле иш-чаранын алкагында жергиликтүү медиктерге жардам берүү үчүн Россияданондогон адистер келишкен.
Булак: NazarNews.kg