www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги кайсы гана өлкө болбосун өнүгүүсүнө жакшы түрткү болот. Ошондуктан күчтүү жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин өнүгүшүнө жол ачып берүү керек. Бул тууралуу президент Сооронбай жээнбеков "Биринчи радиого" маек куруп жатып айтканын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, ар кимдин өз эркиндигинин артында чоң жоопкерчилик бар. Ар ким өз милдетин аткарышы керек.
"Мен президент катары өз милдетимди аракет кылып аткарып жатам. Милиция өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат да", — деди өлкө башчы.
Мындан тышкары, 4-октябрда өтө турчу саясий парламенттик шайлоо жакындап калганын да кошумчалады.
"Өзүнө көңүл бурдургусу, тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек. Бирок ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпаса. Башка жарандын укугун тебелебесе. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш. Жогоруда айттым. Дагы кайталап айтам. Милиция да өз ишин аткарып жатат. Бирок мен, президент катары, мына ошондой суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин", — деди Жээнбеков.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартты. Ал эми "Агардык партия" менен "Жаратман" партиясына шайлоо фондун өз мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилген жок.
Булак: NazarNews.kg