www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Демократ" партиясы келерки парламенттик шайлоого катышуу үчүн "Бир Бол" саясий партиясынын катарына кошулуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Бир Болдун" лидери Алтынбек Сулайманов менен "Демократтын" лидерлеринин бири Эсен Момункуловдун биргелешкен билдирмесинде кабарланды.
"Бир Бол" партиясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, биригүү жаңылануунун алкагында болгонун кабарлады. Аталган партия буга чейин катары толук жаңыланып, өңчөй жаштар менен шайлоого баратканын жарыялаган.
"Демократ" партиясы 2016-жылы түзүлгөн. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, төрагасы Нурлан Биримкулов экени көрсөтүлүп турат. Дагы он чакты киши, анын ичинде Эсен Момункулов негиздөөчү катары катталган.
Белгилей кетсек, "Демократ" буга чейин жергиликтүү жана шаардык кеңештерди шайлоолорго катышып, жеңилип калган. 2020-жылкы парламенттик шайлоого өз алдынча катышууга арыз берген.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген.
Булак: NazarNews.kg