www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 NazarNews.kg маалымат агенттиги аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеевди кепке тартып, Батукаевди чыгарууа тиешеси барлардын айып пул менен жоопкерчиликтен бошоп жатканы боюнча баарлаштык.

-Токтогул мырза, Батукаевдин ишинде тергөө менен кызматташты делгендер жоопкерчиликтен айып пул менен кутула баштады. Сот бул иш боюнча адилеттүү эле чечим чыгарып жатабы же сиз макул болбогон жагдайлар барбы?

-Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы ушундай болоору башында эле белгилүү болчу. Себеби, Азиз Батукаев сотто өзү күбө катары катышмайынча бул соттун чечими  дареги жок жасалып жаткан иштей эле болуп жатат. Себеби, тергөөдө Батукаевден пара алган деген сөзгө көңүл бурса, анда Батукаевдин иши боюнча соттолгондордун кимисине канча акча бергенин далилдеп бериш керек болчу. Ал көрсөтмө бербегенден кийин айып пул менен жоопкерчиликтен кутулткан, акылга сыйбаган ишке жол бере башташты.  Бул биринчиси. Экинчиси, тергөө менен кызматташкандарга жеңилдик берүү Кылмыш Кодекси менен Кылмыш-процессуалдык Кодексинин нормасына ылайык ишке ашып жатат. Тагыраагы, кызыкчылыгы бар тараптын ыңгайына жараша чечим чыгып, тергөө менен кызматташкандарды өздөрүнүн  максатына ылайык көрсөтмө алышып, өз кызыкчылыгына жараша пайдаланышып жатышат.

-Эмнегедир коомчулукта бул ишти жабууга кыздарлар бар деген пикирлер да арбын. Ишти жабууга кимдер кызыкдар деп ойлойсуз?

-Менимче, Батукаевди мыйзамсыз чыгарып жиберди деген кылмыш ишти өз кызыкчылыгына пайдалангысы келген кландар бар. Ошон үчүн бул ишке маани берилип, Батукаевди чыгарууга тиешеси бар делгендер камакка алынып, жыйынтыгында тергөө менен кызматташты деген шылтоо менен жазасын жеңилдетишти. Ошолор  бул ишти өз кызыкчылыктарына ылайык пайдаланып, ишти жаап коюну көздөп жатышат.

-Сыр болбосо кайсы кландар жөнүндө айтып жатканыңызды ачык айта аласызбы?

-Ачык айта алам. Бири Атамбаевдин кланы. Экинчиси Атамбаевди каматкандардын кланы десек туура болот...

-Баса, соттун чечими чыга баштаганда Аида Салянова тергөө менен кызматташуусун токтотту. Ал Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн тергөө менен кызматташпай калдыбы же ал жерде да бизге маалым болбогон жагдай барбы?

-Менимче, Аида Салянованын тергөө менен кызматташуудан баш тартканы ишти бузууга жол ачып жаткандай сезилет. Ошон үчүн тергөө менен кызматташуусун токтотуп, адилеттүү чечим чыксын деген ойдо болуп жатса керек. Мүмкүн сурак маалында андан Атамбаевге каршы көрсөтмө алууга аракет кылгандары жакпай калгандыр. Же ал айтпаганды айтты деп  көрсөтмөнү өздөрүнө ылайык оңдоп койгон жагдай жаралгандыр. Кыскасы, бул иште Аида Салянованы иренжиткен жагдай орун алганы үчүн сот чечим чыгара баштаган мезгилде тергөө менен кызматташуудан баш тарткандай сезилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости