www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-майда Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен өлкөгө 164 кыргыз жараны алып келинген. Бул каттамга оорулуулар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайган курактагылар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар энелер жана хостелден чыгып кеткен жарандар отурган.

Учакка жасалма паспорт менен отурууга аракет кылган жана жарандыгы орус болгон 2 киши отургузулган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз катчысы билдирди.

"Учакка жасалма паспорт менен отурууга аракет кылган аял кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Мындан тышкары, Орус жарандыгын алган эки мекендешибиз Бишкекке кайта алышкан жок. Оренбург облусунун Бузулук районундагы кыргыздарды мекенге кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жатат. Жакынкы аралыкта 400дөй жаранды автобус менен Бишкекке жеткирүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта

Элчиликтин алдында түзүлгөн штаб казак-орус чек арасы аркылуу өлкөгө кайтуу ниети барларга кайрылып, Оренбург облусуна барбоого чакырат.

"Метронун алдында Кыргыз өлкөсүнө кетүүчүлөрдүн тизмесине маалыматтарды киргизүү үчүн бланктарды сатууга аракет кылып жаткан шылуундар бар экенин эскертебиз. Бланктар акысыз берилет. Ошондой эле, шылуундар социалдык тармак аркылуу "Домодедово" жана "Жуковский" аэропортторунан Бишкекке кетүүчүлөрдүн тизмеси түзүлүп жатканын жарыялоодо. Бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деп кошумчалады элчиликтен.

Буламк: NazarNews.org

Последние новости