www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунда турган Бразилияда сутка ичинде вирусту жуктургандардын рекорддук көрсөткүчү аныкталды. Аталган өлкөдө дээрлик 20 миңдей жарандан инфекциянын бар экени тастыкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны сутка ичинде 888ди түздү. Бир күн мурда өлкөдө каза болгондордун саны 1 миң 179га жеткени, бул сандар азырынча рекорддук көрсөткүч экени айтылган.

Учурда Бразилияда 291 миң 579 адам коронавирус илдетин жуктурган. Илдеттен 116 миң 683 адам айыкса, каза болгондордун саны 18 миң 859га жетти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости