www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Говори ТВ” каналынын алып баруучусу Катя Урумканова, РФдагы белгилүү астролог Светлана Драгандан түз эфирде Кыргызстандын саясый абалы тууралуу расмий тилде маектешкен. Аталган көрсөтүү толугу менен NazarNews маалымат агенттиги тарабынан кыргызчыланып окурмандарга сунушталат.

Катя Урумканова: Светлана айым, мурда эле дүйнөдө жана Украинада азыркы учурда болуп жаткан окуяларды, дүйнө кризиси тууралуу, нефттин баасынын төмөндөшүн алдын ала көрүп болжогон ошондой эле бүгүн, Кыргызстандын азыркы жана келечектеги абалы тууралуу талкуулайбыз. Маегибиздин темасы “Кыргызстан тарыхындагы доордук бурулуш” болмокчу. Ошондой эле бүгүн биз менен байланышта публицист-драматург Назира Джуманова бар. Назира айым бүгүнкү жолугушуунун демилгечиси. Назира айымды Кыргызстандагы азыркы абал абдан сарсанаа кылууда. Анткени өлкөдө эмнелер болуп жаткандыгы толугу менен эч кимге белгисиз болуп жатат. Эртең менен жана кечки маал убактыларында Кыргызстандагы кырдаал жана жаңылыктар бат өзгөрүп жатат. Ошонун айынан абалды толугу менен түшүнгөн эч ким жок. Мына кечээ эле Садыр Жапаровдун премьер-министр болгону белгилүү болуп, президент Сооронбай Жээнбеков анын кандидатурасын кабыл алгандай болчу. Бирок, бир аз мурда эле белгилүү болгондой президент Жапаровдун кандидатурасын легитимсиз деп таап, дал ушул учурда Ала-Арча резиденциясында Жээнбеков депуттарды чогулушка чакырып, Жапаровдун кандидатурасын легитимдүү же легитимсиз деп табуусун буйурду. Кыскасы, эмнелер болуп жатат жана бизге эмне болот? - деген темаларда талкуу жүргүзөбүз. Анда эмесе сөз сиздерде.

Назира: -- Саламатсыздарбы! Биринчиден баарыңыздарга бул чакыруума макул болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Чындыгында эле, азыркы учурда Кыргызстандын келечеги кызыктырбаган бир да адам калган жок. Калктын бир жарымы жакшылыкка үмүт артып кабар күтүшсө, экинчи жарымы абалга абдан агрессивдүү көз карашта. Ошондуктан, мен өзүмдүн жарандык парзым катары Россия мамлекетинин эле эмес дүйнө жүзүнүн политиктери кулак салган Светлана менен баарлашып, кырдаалдан чыгуу жолтомдорун табууга аракет кылууну чечтим. Албетте, Светлана айымга чоң рахмат, анткени, бул теманы талдоодо абдан чоң жумуш аткарды. Ошондуктан, азыр Светлана айымдын жалпы өлкөдөгү кырдаал жана Кыргызстандагы азыркы саясаттагы адамдар жөнүндө оюн билдирүүсүн өтүнөбүз.

Светлана Драган: -- Чоң рахмат Катя жана Назира. Чындыгында эле байланышта болгон бир апта маалында көптөгөн информация каралып чыкты. Жүз пайыз так маалыматка сөз бере албасам да, эң азынан абалды толук кандуу жана түшүнүктүү айтып берүүгө аракет кылам. Баарыбызга эле белгилүү болгондой азыркы учурда бүткүл дүйнө жүзү башынан оор бир убакытты өткөрүп жатат. Балким кайсы бир өлкө азыр кыйналып жатат, балким башкасы келечекте кыйынчылыкты башынан өткөрөт. Бирок, эң өтүнүчтүүсү күтүп жаткан жаңылануудан Кыргызстан азырынча кечигип жатат. Асманда жылдыздар жана планеталар иштеген конфигурациялар тилекке каршы политикалык, жарандык, экономикалык көрүнүштөргө карата биз күткөндөн карама-каршы нерселерди көрсөтүүдө. Анткени алар башка мыйзамдар менен иштейт. Мындай карасаң алар эгемендүү өлкөлөр коллегиясы катары көрүнөт.

Абалдын уникалдуулугу Кыргызстандын жылдыздардын жаңыдан түзүлүш жолунун чок ортосунда жайгашып турат. Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды көрүп атабыз, угуп атабыз, албетте сиз үчүн абдан кооптонуп турабыз. Ошентсе да, канчалаган кан төгүлүп жатса да, канчалаган жаңы ой-пикирлер айтылып жатса да, булардын эч бири ишке ашпайт. Кыргызстандын келечегинин курулуусунда бир конструкция, фундамент же болбосо курулуп келе жаткандай көрүнсө да, бул ойлордун келечеги жок.

21-25-октябрь күндөрүндө жаңы шайлоо тууралуу сөз башталат, аны менен бирге эл ичинде нааразычылык дагы козголот. Ал оюндарга катыша турчу адамдардын бир топ айласы кетип, бир топ эле оор жагдай болот. Абалдын абдан оорлошу ноябрь айынын 20-30 күндөрүнө туура келет. Бирок агрессиянын туу чокусу 30-ноябрга туш келет. Ал убактарда азыркы түзүлүп калган коалициялар, уюмдар жана топтор бири-бирине каршы агрессивдүү мамиледе болушат.

Азыркы учурда болуп жаткан жана болуп өткөн окуянын баары эч кандай сырттан көрүнгөндөй спонтандуу иш эмес, мунун баары шайлоо башталгандан мурда эле пландалып ишке ашырылган иш.

Бул пландардын максаты:

1. Кыргызстандын экономикасын такыр эле кыйроого учуратып, тышкы экономикалык байланыштарды үзүү.

2. Сентябрь айынын аягына чейин ар кандай процесстерди уюштуруп өлкөдө абалды оорлоштуруу.

3. Кайсы өлкө экенин так айтпай эле коеюн, бирок, Кыргызстанга караганда бир топ чоңураак өлкөнүн ситуациясы дүйнөгө көп белгилүү кылбаш үчүн кичинекей Кыргызстандын жана анын жашоочуларынын тагдырын садага чабуу.

Мени баарынан коркунучтуусу 24-ноябрга белгиленген өтө чоң агрессивдүү, террордук окуя болот. Кудай сактасын албетте, бирок бул темага маани берүү зарыл. Азыркы учурда көп нерсе түшүнүксүз деп аткан темалар жана конфликттердин мотиви 20-30-ноябрь күндөрүндө жалпыга белгилүү болот. Ошол эле учурда бул окуялардын башчылары катары, Өкмөт үчүн эле иштеп жүргөн адамдар экени да ачыкка чыгат.

Ошондой эле 9-декабрь да дагы бир “кулчулукка каршы” революция күтүлөт. Кыргызстандын келечеги декабрь айынын соңуна чейин белгисиз болот, бирок айдын аягында көп нерсеге чекит коюлуп келечек бир аз да болсо белгилүү болот. 

Буга чейинки Кыргызстандын тагдыры алдын-ала жазылган бир сценарий же болбосо алгоритмге окшош эле. Кыргызстанды тагдыры ар дайым бирдей өтүп келген. Бирок бул алгоритм 2020-жылдын аягында толугу менен жокко чыгат. 2021-жылда Кыргызстандын Республика катары өнүгүүсү жана өсүүсү жогорулашы күтүлүүдө. Балким, келечекте Кыргызстан кайсы бир күчтүү союздун катарына кирип калышы ыктымал. Азыркы учурда саясий аренада ашыкча активдүүлүк көрсөтүп жаткан адамдардын бири да Кыргызстандын чыныгы жана ачык келечегинде жок. Балким, жаңылануу болуп жаткан учурда кээ бири өлкө кайда баратканын түшүнүп жагдайдан колдонууга аракет кылат.

Жээнбековго тиешелүү сөз кыла турган болсок, 17-19-ноябрь күндөрүндө ал өз постунда калбайт. Бирок, өлкө үчүн күрөшүсүн токтотпойт. Жалгыз гана Жээнбеков азыркы саясий адамдарынын арасынан эң лоялдуусу. Өлкөнүн жаңы жашоону башташы 2021-жылга келсе да, январь айынын 8-9 оор өтөт. Ал эми март айынын аягы Кыргызстандын өз ичинде да, тыш өлкөлөр менен да болгон мамилеси абдан жылуу жана активдүү болмокчу.

Азыркы учурда активдүүлүк көрсөтүп жаткан Көлбаев октябрь айынын соңу жана да ноябрь айынын акыркы күндөрү учурда башчы болуп жүргөн аймактардан дагы тышка чыгууга аракет кылып, көптөгөн көйгөй чыгарат. Бирок, ошого эле байланыштуу декабрь айынын соңу менен февраль айынын башында Көлбаевдин жашоосу абдан оорлошот. Анкени аны каржылап жаткан кураторлор АКШдагы ноябрь айынын аягында күтүлүп жаткан шайлоолордун айынан Америка кризиске учурап Колбаевге кураторлук кыла албай, ошол эле учурда Кыргызстандагы абал өзгөрүүлөргө учурап, бат-баттан “кийим алмаштырып”, башка чечимдерди кабыл алуу керек болгон убакыттарда Көлбаев көп ката кетирип, жашоосу кыйроого учурайт. Тагдыры 2000-жылдардын башындагы түрмөгө кесилип кеткен учурундагыдай татаал болот. Азыркы учурдагы кайсы кана политиктин келечегине карабайын, ар биринин тагдыры абдан оорлошуп кетет.

Садыр Жапаров тууралуу айта турчу нерсе көп чындыгында. Адам абдан күчтүү, акылдуу, оратор, максатына жетиш үчүн бүт нерсени кылат. Бүгүнкү талкуубузга бир апта мурда даярдана баштаганда эле өзүмө жазып алган экем “14-октябрда Садыр Жапаров кандай жол менен болсо да өзүнүн легитимдүүлүгүн алат”, - деп. 25-26-ноябрь күндөрү ашыкча активдүү болот. Кандайдыр бир жеңишке жетип, толугу менен коркуу сезимин жоготот. Ашыкча кубануусун жашырбагандыгына байланыштуу күч кызматкерлери провокация кылышы мүмкүн. Жапаровдун өмүрү үчүн олуттуу коркунучтар 8-9-декабрда күтүлөт. Анткени, ал ушул убактарда өзүнө жаңы партнерлорду күтө баштайт, албетте жаңысы келгенде эскиси кетет, ага жараша эски партнерлору, тагыраагы азыркы учурда ага күч болуп турган адамдарды таштап кетет, мындай иш эч качан кечирилбейт.

Декабрь айына чейин дайыма колдонуп иштеп келген система иштебей калат. Ага байланыштуу ал январь айында абдан курч убактарды өткөрүп көп ката жасап, февраль-март айларында абдан ыплас оюн жүргүзө баштайт. Балким ал маалда Россия менен интеграцияга кирүү политикасын абдан активдүү алып барат. Бирок, кантсе да эч кандай ою ишке ашпайт. 2021-жылдын ортосуна чейин Жапаровдун материалдык абалы толук кыйроого учурайт.

Бул убактарда Атамбаевдин жашоосуна чоң коркунуч бар. Боло турчу окуяларга канчалык катышкысы келсе да, акыры өзүнө ишенүүсү жана саясаттагы темп абдан бат жылышынан Атамбаев мырза бул окуяларга батпай да калышы ыктымал. Март-апрель айларында Атамбаев толугу менен саясаттан кетиши мүмкүн.

Популярдуу Бабановго эч ишеним артпооңуздарды суранат элем. Азыр канчалык нейтралитет сактамыш болсо да, оор абалда өз кызыкчылыктары үчүн иштейт. Ошондуктан, жаз айларынан баштап саясаттан тыш башка иштер менен алектенүүсүн сунуштайт элем.

Кызыгуу жараткан, Суваналиев жана Курсановдор да бар. Бирок бул адамдар өтө агрессивдүү болбосо да, өз кураторлору менен пландаган иштери бар. Бирок, ага карабастан боло турчу окуяларда алар утуп ала турчу эч кандай сыйлык жок. Март-апрель айларында Россиядан жардам сурап дагы да “сууну кирдетүүгө” аракет кылышат, бирок, ал маалда Россия мамлекетинин өз иштери баштан ашык болот. Ошондуктан, зыяны жок адам катары иштеп кете беришсе болот. Бирок, мансапка кызыкпоосун сунуштайм.

Жээнбековго тиешелүү сөз кыла турган болсок, бардык политиктерге караганда эң зыянсыз болуп аткан адам ошол. 17-21-октябрь күндөрүндө отставкага кетүү тиешелүү бир аз коркунуч бар, бирок, анча-мынча кызматтык жеңилдиктеринен гана ажырап куу маневрлардын жардамы менен ишин улантышы мүмкүн. Бирок, жыл башында боло турчу өзгөрүүлөрдө бир аз аракет кылса куугунтукка туш болбой жашап калышы ыктымал.

Келечектеги так бир лидерди атоодон алсымын. Анткени, буга чейин Кыргызстан менен эч иштешкен эмесмин. Бүгүнкү күндө айткан адамдарым, азыркы учурда Кыргызстанда белгилүү адамдар. Жаңы жылдан кийинки лидерлерди жеке гана мен эмес, кыргыз эли өзү да билбеши мүмкүн. 

Декабрь айында күтүлүп жаткан ай тутулуу, тагыраагы эки планетанын, Сатурн менен Юпитердин бир орбитага кирүүсү Кыргызстан үчүн абдан жакшы шанс. Буга чейин бул эки планета эч качан мындай катнашка кирген эмес, ошондуктан, боло турчу тутулуунун таасири кийинки 19 жылга алмашкыс болот.

Маалымат “Говори ТВ” сайтынан кыргызчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости