www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сизди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн  атымдан туулган күнүңүз менен куттуктайм. Достук, өнөктөштүк жана союздашдык принциптерине негизделген кыргыз-орус мамилелерин бекемдөөгө кошкон чоң салымыңызды өзгөчө белгилеп кетким келет.

Барган сайын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу өнүгүүдө, энергетика, өнөр-жай, инфраструктура, илим жана маданиятта биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык өз ара мамилелер тереңдөөдө.

Мындан ары да эки тараптуу байланыштардын бардык комплексин өстүрүү, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу жаңы демилгелерди жана программаларды алдыга жылдыруу — Россия жана Кыргызстандын кызыкчылыгына толук жооп берет деп ишенем.

Сизге бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди каалайм», — деп белгиледи Дмитрий Медведев.

Последние новости