www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 21-апрелде Украинанын Президенти Владимир Зеленский Россиянын Президенти Владимир Путинди аскерий операциялар жүрүп жаткан Донбасста жолугушууга чакыргандыгы тууралуу кабарлаганбыз.
Бүгүн, 22-апрелде, Россиянын Президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен эки тараптуу мамилелерди Москвада ыңгайлуу учурда талкуулоого даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
Путиндин айтымында, Киев жакында Москва менен мамилени бузушулушуна мүмкүн болгон көптөгөн кадамдарды жасады, бирок эгер Украинанын президенти Владимир Зеленский мамилелерди калыбына келтирүүнү кааласа, анда Россия ага даяр.
"Украинанын учурдагы жетекчилиги Россия менен Украинанын мамилесин бузушу мүмкүн болгон көптөгөн кадамдарды жасады"-деди Путин.
Донбасстын көйгөйүн чечүү үчүн Украинанын президенти алгач Донецк жана Луганск Элдик Республикасы менен, андан кийин гана Россия менен байланышуусу керек деп кошумчалады президент.
Эскерте кетсек, акыркы айларда Орусия менен Украинанын мамилеси салкындап бара жатат. Бул бир жагынан, Украинанын НАТОнун аскердик блогуна кошулуу аракетинен болсо, экинчи жагынан, Россия Украинанын чек арасына 100 миңден ашуун аскерин жайгаштырган.
Мындан тышкары, Донецк менен Лугансктын жана Россиянын колдоосундагы Украинанын ортосундагы аскердик аракеттердин күч алышы Москва-Киев мамилелерине дагы терс таасирин тийгизүүдө.
Форух Мурадкулов, Ташкент
Булак: NazarNews.kg