www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-ноябрда Казакстан жана Россия башчыларынын катышуусунда өткөн аймактар аралык форумдун алкагында тараптар тиешелүү меморандумга кол коюшту.

Ага ылайык, Россия Казакстандын үч шаарына – Өскемен, Көкшетау жана Семейге жылуулук электр станциясын салып бермекчи.

Былтыр ноябрь айынын аягында Экибастуз Жылуулук электр борборунда ири авария болгон. Андан кийин өлкөдө жылуулук тармактары толугу менен эскирип, инфраструктураларды жаңылоо үчүн тарифти көтөрүү керектиги айтылган.

Быйыл казак өкмөтү жылуулук электр объектилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттен 37 млрд теңге бөлгөн.

Россиянын президенти Владимир Путин 9-ноябрда Казакстанга расмий сапар менен барды. Эксперттер орус лидери Казакстанга Батыш өлкөлөрүнүн Борбор Азияга кызыгуусу күчөгөн маалда келгенин белгилешет.

Бейшемби күнү түштөн кийин Акордада эки өлкөнүн лидерлери 19-аймактар аралык кызматташтык форумун ачышты. Ага Токаев менен Путин видеобайланыш аркылуу катышты.

Маалыматка ылайык, иш-чарада айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери да талкууланды.

Последние новости