www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия күнү бир нече мамлекетте белгиленди

Россия күнү постсоветтик бир катар өлкөлөрдө — Армения, Беларусь, Кыргызстан, Молдовада белгиленди. Бул майрам миллиондогон адамдарды бириктирип, РФке жакын жайгашкан чет өлкөлөрдү өзүнө камтыды. 

Беларустагы иш-чарада Россиянын элчиси Борис Грызлов сүйлөп, Россия күнүн белгилөө жакшы салтка айланып калганын белгилеген.

"Бүгүн Беларустун борборунда биз менен чыныгы досторубуз чогулду. Мындай масштабдагы майрамды белгилөө биздин жакшы салттарыбыздын бирине айланып калды. Аны ар дайым колдоп жана өнүктүрүп отургуң келет", — деген Грызлов.

Ал эми Кыргызстанда да аталган даталуу күндү бир топ-иш чаралар коштоду. Бир нече калааларда, айылдарда элдик көңүл ачуулар жана маданий акциялар өттү.

Бишкектеги "Русская душа" фестивалында элдик жамааттар, Опера жана балет театрынын, Орус драма театрынын, "Антре" цирк тобунун артисттери өнөрлөрүн тартуулашты. Кыргыз-Россия Славян университетинде "Сувенир" деп аталган орус ырларынын концерти болду. Кант, Кара-Балта шаарларында, Панфилов, Киров, Красная Речка жана Дмитриевка айылдарында да иш-чаралар уюштурулду.

Молдовада Россия менен Молдова элинин достугун колдогон, коштогон акция болду. Тирасполь шаарында көчөдө элдин төшүнө россиялык "триколор" түшүрүлгөн тасмаларды тагышты. Республикалык сарайда ири концерт берилди.

Армениянын Гюмри шаарында Армения менен Россия артисттери концерт койду. Түштүк Осетия менен Абхазияда да Россия күнүнө карата элдик ырлар жаңырып, бийлер тартууланды. Сухумидеги Россиянын элчилигинде салтанат уюштурулду. Калаада элдик кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости