www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасы кечээги пленардык жыйында миграциялык көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдардын топтомун кабыл алды. Ага алайык, полицияга чет элдиктерди депортациялоого уруксат берилди. Визасыз жүрүү режими 180 күндөн 90 күнгө кыскартылды.

Буга чейин мигранттарды депортациялоо чечимин бир гана соттор же Чек ара кызматы кабыл ала алчу.

Андан тышкары визасынын же жашоого уруксат берүүчү кагаздын мөөнөтү өтүп кеткен жарандарды «өлкөдөн чыгаруу режими» киргизилди.

 

«Өлкөдөн чыгаруу режиминдеги» чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет.

Ошондой эле мигранттарды полицияга баш ийбей койсо, жалган айтса, майда бейбаштыкка барса, экстремисттик же нацисттик эн белгилерди пропагандаласа, депортациялоого уруксат берилет.

Бул мыйзамдардын топтому Мамлекеттик Думага «Крокус Сити Холлго» жасалган кол салуудан кийин киргизилген. Мындай жагдайда Борбор Азиялык мигранттар барбай турганы оң.

Последние новости