www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Ооганстан Ислам Эмиратын расмий түрдө тааныганын билдирди. Бул тууралуу Россия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдирип, чечимди президент Владимир Путин министр Сергей Лавровдун сунушу менен кабыл алганын белгиледи.

«Талибан» кыймылынын туусу Москвадагы Ооганстандын элчилигине илинди.

Россия «Талибан» 2021-жылы бийликке келгенден кийин аны расмий түрдө тааныган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Буга чейин Москва уюмду террордук уюмдардын тизмесинен чыгарып, Ооганстандын өкүлчүлүгүнүн статусун элчиликке чейин көтөргөн.

Кечээ Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Ооганстандын жаңы элчиси Гул Хасандан ишеним грамоталарын кабыл алды.

Последние новости