www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия өзүнүн жарандарын, дипломатиялык миссиянын, Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн, КМШ жана башка мамлекеттердин атуулдарын Судандан алып чыгып жатат. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
"Россия президентинин чечими менен РФтин Коргоо министрлиги Судандан россиялык дипломатиялык миссиянын, Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн жана алардын үй-бүлөлөрүн, Россиянын, КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана бир катар достук мамиледеги өлкөлөрдүн (өтүнүч менен кайрылгандан кийин) жарандарын мекенине кайтарууга көмөктөшүп жатат", — деп айтылган министрликтин маалыматында.
Элди ташып чыгып кетүү үчүн Россиянын Космостук-аба күчтөрүнүн төрт аскердик учагы пайдаланылып жатат.
Буга чейин кабарлаган маалымат булагы Судандын Хартум шаарында Россиянын элчилигиндеги 203 адамдын эвакуациясы тууралуу билдирген эле. Анын айтымында, учактар Каирге жеткен, аталган шаардан май куюп алып, андан соң Москвага жөнөп кетет.
Эске салсак, 2023-жылдын 15-апрелинен тарта Суданда Тез арада аракетке келүүчү күчтөр менен (башында Мухаммед Хамдан Дагло турат) менен регулярдуу армия кармашып жатат. Каршылашкан тараптар ар кимиси ЖМКларда, социалдык тармактарда маалыматтык кампаниясын жүргүзүп, кайсы объектилерди каратып алгандыгын айтып жана ийгиликтерин өз-өзүнчө жар салууда.
Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, кагылыштан көз жумгандардын саны 600 адамга чукулдап калды. Судандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү 459 киши каза таап, 4072си жарадар болгонун кабарлады.
Булак: NazarNews.kg