www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин ​Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор социалдык тармактарга тараган.​ Бүгүн, 2-майда Талас ОИИБ экинчи шектүү кармалганын билдирди.

«Бул кылмышка шектүү катары анын шериги, 1981-жылы туулган жаран кармалды»,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 30-апрель күнүн өзүн ​Бишкек шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган Ш. уулу​ Э. деп тааныштырган жаранды ​мал базарда жүргөн адамдар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, электр мамыга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап, ур-токмокко алышкан.

Текшерүүдө​ Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну мал базардан ​60 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан ​уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын ​тургуну да мал базардан ​кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан​ уурдатып алганын билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген. Ал​ Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын ​1989-жылы туулган тургуну ​экени белгилүү болгон. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом акча каражаты алынган.

Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери ​иш алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага алып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталган. Шектүүнү милицияга алып келишип, аты-жөнүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп ​жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости