www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда Россия жана Казакстандын жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу багытындагы окуу жайларына билим алууга жөнөтүлүп жаткан курсанттардын ант берүү аземи өттү.

Быйыл Кыргызстан менен Россиянын жана Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде атайын квота менен 17 курсант аталган өлкөлөргө окууга жөнөтүлүүдө.

Курсанттар Россиянын ӨКМнин Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын академиясында «Техносферанын коопсуздугу», Жарандык коргонуу академиясында өзгөчө кырдаалдардан коргонуу, Санкт-Петербург университетинде өрт коопсуздугу багыттары боюнча билим алышат.

Ошондой эле айрым курсанттар Казакстандын Малик Габдуллин атындагы Жарандык коргонуу академиясында окушат.

Окуу жайларды ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр Кыргызстанга лейтенант аскердик наамы менен кайтып келишет.

Последние новости