www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Ярославль облусунда петардаларды чыгаруучу заводдо өрт чыгып, 14 адам каза болду. Кырсыктан бир аял гана аман калып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Окуя Ярославль облусунун Переславль-Залесский муниципалдык округуна караган Кубринск айылындагы петардаларды чыгаруучу ишкананын аймагында болгон. Өрттөн заводдун эки имараты күйүп кеткен. 

Кырсык боюнча өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу беренеси менен кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтар боюнча, коопсуздук талаптарынын бузулушу өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн.

Ярославль облусунун губернатору Михаил Евраев 30-сентябрды аймакта каза болгондорду эскерүү күнү деп жарыялады. Ал маркумдардын жакындарына көңүл айтты.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, пиротехника өндүрүүчү ишканада өрттүн чыгышына коопсуздук талаптарынын бузулушу себеп болушу мүмкүн.

Последние новости