www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын ташыган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына узак убакыттан бери Афганистандан чыккан баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын чет мамлекеттер аркылуу транзит менен жеткирип жана сатып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобу боюнча ыкчам маалымат келип турган.

Орто Азиядан Россияга, Балтика өлкөлөрүнө, андан ары Европага баңгизаттарды жүк ташуучу унааларда жасалган жашыруун жерлерге, эл керектөөчү товарларга, курулушка же айыл чарба продукцияларына катуу жолу менен ташышкан.

Жогорудагы улуттар аралык баңги тобунун курамы Борбордук Азиянын, Россиянын жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарынан түзүлгөн. Бул топ ролдорду бөлүштүрүү жана купуялуулук белгилери бар кеңири структурага ээ.

Бул факты боюнча КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аталган баңги топтун активдүү мүчөсү, Россия Федерациясынын 1988-жылы туулган жараны М.С. кармалгандыгы аныкталган. 2022-жылдын 21-ноябрында Новосибирск шаарынан ижарага алынган кампага тинтүү жүргүзүлүп, "травертин" фасаддык плиткаларына катылган 68 килограмм "Афган чарсы" жана пакеттеги 4 килограмм "героин" баңгизаты табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган жаран М.С. Бишкек шаарындагы 2 шеригинин жардамы менен баңгизат ташууну уюштурган. КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери жүргүзүшкөн андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кармалган жарандын "Жавлон" жана "Айдар" аттуу эки шеригин аныкташкан.

Бишкек шаарынын Жаш Гвардия - Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган К.Ж. кармалган. Андан кийин Панфилов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинен экинчи шериги Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. кармалган. Алар жогорудагы РФ жаранына Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүнү уюштурууга жардам берип жүрүшкөн.

Учурда бул баңги кылмыштарына дагы эки адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Алар Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1976-жылы туулган Р.Р. менен жаран 1987-жылы туулган К.З.. Бул жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Андан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө жарандар К.Ж., А.А., К.З. жана Р.Р. белгисиз жарандар менен бирге Россияга жөнөтүү үчүн Сары-Таш плиткаларына баңгизаттарды жашырган жерлерди жасашкан гараж табылган. Баңгизаттарды жашырган плиткаларды өндүрүү үчүн арналган далил заттар табылып алынды. Иликтөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости