www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүткүл дүйнө үчүн оор болгон 2022-жыл аяктап баратат. Өтүп бара жаткан жылда ысымдары дүйнө жүзүнө белгилүү таланттуу инсандар арабыздан өтүп кетишти. Дүйнө салгандардын арасында дүйнөлүк саясатчылар да болду.

Алардын арасында Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Кытайдын төрагасы Цзян Цземин, СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев жана россиялык саясатчы, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский да бар. Кылган эмгектери опол тоодой болгон саясатчылар тарыхта из калтырып кетишти. 

Британ ханышасы Елизавета II

Сентябрь айында Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ

Июль айында Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ кол салуудан каза болду. 67 жаштагы Абэ Япониянын өкмөтүн эң узак убакытка жетектеген саясатчы катары белгилүү болчу.

Кытайдын төрагасы Цзян Цземин

Ноябрда Кытайдын мурдагы лидери Цзян Цзэмин 96 жашында Шанхайда көз жумду. Цзян Цзэмин 1993-2003-жылдары Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп эмгектенген. Анын тушунда Кытайдын экономикасы дүйнөдө жетинчи орунга чыккан.

СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев

Августта СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 91 жашында дүйнө салды. Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. 1990-жылы Горбачевго Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Россиялык саясатчы Владимир Жириновский

Апрелде Россиянын Либерал-демократиялык партиясынын (ЛДПР) негиздөөчүсү, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский оор жана узакка созулган оорудан улам 76 жаш курагында дүйнө салды. Жириновский тажрыйбалуу саясатчы, энергиялуу, баарлашууга ачык адам, оратор жана кандай тема болсо да куйкум сөздөрү менен чындыкты таамай айтып бирде күлдүрсө, кээде көздөрүнө жаш алдырганы менен көпчүлүктүн эсинде калды.

Булак: Eurasia Today

Последние новости