www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аргентинада чемпионаттан кийин футбол боюнча улуттук курама командасын тосуп алуу салтанатында эки адам каза таап, 30дан ашыгы жаракат алышты.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар Аргентинанын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдиришти.
Өлкө бийлиги Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы командасынын жеңишин майрамдоо үчүн 20-декабрды улуттук майрам күнү деп жарыялаган. Төрт миллион адам көчөгө чыгып, чемпиондорду тосуп алышты.
Айрым күйөрмандар көпүрөдөн футболчулар отурган үстү ачык автобуска секирүүгө аракет кылышып, натыйжада колу-буту сынып ооруканага түшкөндөрдүн саны 30дан ашты.
Ошондой эле 21-декабрга караган түнү тополоң башталып, анын кесепетинен чатырдан секирген 24 жаштагы бала жана мотоцикл айдап бара жаткан жигит каза болуп, дүйнө чемпионатындагы жеңишти майрамдоо трагедия менен аяктады.
Белгилей кетсек, 20-декабрда Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн тосуп алуу салтанатына 4 миллиондон ашык адам чогулган.
Киши көптүгүнөн улам, жол тыгындары пайда болуп, автобус менен барган Аргентина курама командасынын оюнчулары тик учактар менен эвакуацияланган.
18-декабрда Аргентинанын командасы Францияны жеңип, дүйнө чемпиону болгон. Команда тарыхта үчүнчү жолу турнирди жеңип алды.
Булак: NazarNews.kg