www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Орустардын жери кенен, бирок алдыда Киев» бул жаңы сөз. «Орусиянын жери кенен, бирок артыбызда Москва» -деп Улуу Ата Мекендик согушка танктын алдына калып беришкен. «Орусиянын жери кенен, Москваны бериш керек» деп Кутузов Москванын Напалеонго таштап кетип, кайра келип кубалап чыккан. Байыркы Руста князь Рюриковичтер бийлик жүргүзүп орус, украин, белорус деген эл жок эле, бир эле чыгыш славяндар болгон. Буларды чиркөөгө алып князь Владимир 988 жылы чокундурган. Бирдиктүү борбору Киев болгон. Эми бул славяндар бири-бири менен согушуп жатканда Киев Украинанын борбору катары бекем тылда турат. Былтыр Киевге чейин жетип барышкан.

НАТО болбосо жалгыз Украинаны Орусия эбакта эле жеп коймок. Украина кризиси үч башка жол менен аякташы мүмкүн. Биринчи сценарий боюнча Орусия Донбасстын көпчүлүк бөлүгү болгон өнөр жай жана айыл чарба аймактарын, ошондой эле Кара деңиздин жээгиндеги тилкесин көзөмөлгө алат. Мында Москва жеңди деп эсептелип, НАТО чечүүчү ролду ойнобой калат.

Экинчи вариантта Украина менен НАТО алдыга дүңкүлдөп чыгып Орусияны Крымдан сүрүп чыгаруу аракети болуп, бул нерсе жаңжалдын курчушуна алып келиши мүмкүн.

 Үчүнчү сценарий боюнча кырдаал кайрадан 24-февралга чейинки абалына кайтат. Анда тараптар чечим кабыл алуу маселесин кийинкиге жылдырып коюшу ыктымал.

Орусия Украина согушу качан аягына чыгат? Орусия өз айтканын аткаргандан башка арга калбады. Согуш өртү алоолоп Европаны каптап үчүнчү дүйнөлүк башталчудай болуп баратат. Орусия өзү койгон талаптарынан баш тартпай керек болсо ядролук согушка барабыз дегендей айткан сөзүндө катуу турат. Путиндин сөзүн уккан НАТО титиреп Украинаны ачык колдоп Орусияга каршы согушууга даай албай турат. Бул тарыхий учурда көптөгөн мамлекеттер Орусияга душман болуп чыкты. Алардын көпчүлүгү Орусиядан газ, мунайзат алышып экономикалык жактан Орусияга көз каранды мамлекеттер. Орусия учурда канча экономикалык санкция алышса да аларга газ, мунайзат берүүнү токтоткон жок. Азырынча орустар Европага каршы санкцияларга бара элек. Мейли «Кока Кола», «Твиттер», «Фейсбукту» өчүрсүн, орустарга эмне «Кока Кола» ичпей койсо деле күн көрүшөт. Кокус Орусия жинденип газ жана мунайзатын бергенди токтотуп коюшса Европа оор онтоп газ менен иштеп жаткан завод, фабрикалары токтоп накта кыямат кайымга түшүшөрү бышык бул жерде АКШнын күнү тууп суюлтулган газдарын кымбат баада сата баштайт да Европада кымбатчылык башталат.Европанын эли өз мамлекеттерине каршы баш көтөрө баштайт. Ал эми Кыргызстаныбыз бар ЖККУ (ОДКБ), Кытай, Индия  деген зор державалар удулун күтүп унчукпай турушат, алар Орусияны колдосо эмне болот? Анда даана жарылуу болуп дүйнөлүк үчүнчү согуш чыкпайбы...

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко постсоветтик өлкөлөр эгемендигин сактап калгысы келсе, белорус-орус союзуна жакындаш керек деп билдирди: "Бүгүнкү күндө постсоветтик мейкиндиктин өлкөлөрү, албетте, өздөрүнүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактап калгысы келсе, Союздук мамлекети менен жакындашууга чын жүрөктөн кызыкдар болушу керек. Биз глобалдык чакырыктарды биргелешип гана жеңе аларыбызга ишенебиз", - деди Лукашенко. Бул тууралуу Беларусь жана Орусия региондорунун форумунун пленардык отурумунда көрсөтүлгөн видеокайрылууда айтты.

Анын айтымында, «дагы эле күмөн санагандар түшүнүшү керек: тез арада биримдик жана ынтымак болмоюнча, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоосуз жана жөн гана адамдык мамилелерди бекемдөөсүз эртең биз жок болушубуз мүмкүн». "Азыркы этапта биздин биримдик  интеграциялык процесстердин жалпы агымында локомотивдин ролун ойноп жатат. Бул маданий жана экономикалык мамлекеттер аралык кызматташуунун үлгүсү", - деди Лукашенко.

Лукашенко Орус –Украина жаңжаалында Орусия тарапты колдоп келет. Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат. Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости