www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь революциясына чейин ашканда отуруп алып, тоону томкоруп, ойду омкоруп эл-жер дегенде жанын берчүдөй алкынып сүйлөгөн Сыймык Жапыкеев дегендин бүгүнкү күндө дайыны жок. 

Бийлик алмашканда Финполду жетектеп, капчыгын кампайткандан башка эч жыйынтык көргөзгөн жок. Натыйжада жоюлуп кеткен Финполдун генералы болду. Эл «ашкана генералы» деп шакаба чегип мыйыгынан күлүштү. Уялган да, намыстанган да жок. Андан соң Ысык-Көл облусуна прокурор болуп кетти. Көп өтпөй ал жактан дагы тебилди. Айтор, бийлик кол жоолуктай колдонду. 

Айткандай, Финпол жоюлуп жатканда, «булар болбой калышты, тескери жолго түшүштү» деп өктөө кылып, фейсбукта пайда боло калды, «элим кандай кылабыз» дегенди айтып. Анан Ысык-Көлгө прокурор болуп кетип дымыды. 

Көрсө, кыйкырыгы башынан ашкандарга кызмат эле керек экен. Кызмат берип койсо болду, кызарган жерди чокуп, телегейи тегиз болуп, эл-жериӊ менен иши жок манчыркап отура беришет тура. Анан кызматтан алып койсо, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүшүп калышат. 

Элибиз, Жапыкеевге окшогон курулай популисттерге алданып, ишенгенин койбоду. Эгер, «ашкана генералы» чындап патриот болсо Өзбекстанга кеткен Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча «жер-суудан өткөн ыйык жок, бул туура эмес болду» деп чыркырап, айкырып турмак. Тилекке каршы, башы да ооруган жок.  

Өзүн жарандык активист атап жүргөн Жоки деген өткөндө мас болуп алып Сыймык Жапыкеев Башкы прокуратуранын жанындагы паркта «наша» чегип алып эле жүрөт деп айтты. Ишенбейли десек, мас оюндагысын айтат дегендей, көргөнүн айтып жатса керек дегендер арбын. Ырасында, Жапыкеевдин чеккенге жакын экени көп эле айтылып келет. Жоки аны ачык жарыялап жиберди окшойт. 

Ушул жерден суроо жаралат. Сыймык мырза, эмнеге Башкы прокуратураны айланчыктап жүрөсүз? Октябрь окуясындагыдай басып алгыңыз келип жатабы? Же ошондогу окуяда Финполду, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп акчанын жытын алып калган жаныңыз, ар кимдин ишин бүтүрүп берем деп, «доля» үмүт кылып «Ашканадагы аферисттик» жоругуңузду паркта отуруп алып жүргүзүп жатасызбы? Ак же көк деп койсоңуз?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости