www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияга балык экспорттогон алты ишкананын сертификаты токтотулду. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетиндеги жыйында билдирди.

Анын айтымында, калган төрт балык чарбасы боюнча оң чечим чыгып жатат, жакында аларга продукциясын экспорттоого жол ачылат. Буга чейин Россияга 10 ишкана балык сатып келген.

Ошондой эле ал Фитосанитардык кызматка ишканалардын текшерүүгө мораторий жарыялангандыктан карай алышпаганын айтып, азыр андай укук кайтарып берилгенин, андыктан катуу көзөмөл болорун кошумчалады. 

Эскерте кетсек, 2023-жылдын февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасынын сертификатталышын токтотууну өтүнүп кайрылган. Мекеме эки жылдан бери Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын аныктап келерин белгилеген. Мындан тышкары, аталган кызматтын адистери Кыргызстандан барган бул балыктын көлөмү кадимки форелден чоңураак экенин аныкташкан. Мекеме ушунун өзү эле күмөн саноого негиз болорун белгиледи. Мындан улам Россельхознадзор 2023-жылдын январында балык чарбачылыгы менен алектенген компанияларды текшерүү боюнча айтып, демилге көтөргөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости