www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин жаңы бийликтин келиши менен ойдо жок жерден Алыкул Осмонов атындагы борбордук китепканага директор болуп Нуржан Иманкулова деген дайындалган. Жогору Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин жубайы болот. 

Кызыгы, тажрыйбасы, кесиби туура келбеген, китепкана системасында бир күн иштебеген бул айымдын түндүктөн түшүп келиши китепкананын кызматкерлерин "шок" кылган. Ошол кезде, жок жерден тапкансып кайдан алып келишти деп нааразы болгон китепкананын коллективинин ич күптүүсүн эч ким уккулары келген эмес. 

Мына эми болсо Улуттук китепканасында нааразычылык токтой элек. Нуржан Иманкулова келгени коллективдин кызматтык атмосферасы бузулуп, интрига күч алган. Китепкананын жалпы шарты начар, жертөлөсүндөгү китеп сактоочу жайлары караңгы болуп, жада калса лампочка жок экени көптөн бери айтылып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин каталогдор санарипке өтө элек. Окурмандар китепканада 100 жыл мурдагыдай эле картотекадан чыгармаларды издешет. 

Тиешелүү органдар Иманкулованын кызматтык ишмердүүлүгүн иликтеп, ары же бери кылбай, ишти чоюп жатышат. Китепканага бөлүнгөн миллиондогон каражат максатсыз пайдаланылып дайыны чыкпай калганы боюнча маалымат булактары жазып жатышат. Мындай кыңыр иш айтылып жаткан соң, укук коргоо органдары чын-бышыгын иликтеп, укуктук баасын бериши милдет эле. Тилекке каршы, жымжырттык. 

Баса, алма сабынан алыс түшпөйт дегендей баласы элдин 500 миң доллар акчасын алдап алып, бербей качып жүрүп, жакында эле интерпол аркылуу кармалып, Кыргызстанга жеткирилип үстүнөн иш козголуп, камакка алынган. 

Нуржан Иманкулова болсо, ушул тапта текшерүү келбесин деген амал менен эки күндүн биринде ооруканага жатып алып, ишке чыкпай "бир күн оору, бир күн соо" дегендей Алымкан атыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости