www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык киностудиялар Кыргызстанда тасма тартышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Индия жана араб өлкөлөрүнүн кинорежиссерлору тасма тартуу үчүн Кыргызстандын аймагында ылайыктуу жерлерди издеп жатышкан. Эми россиялык кесиптештери да өз кызыгууларын билдиришкен. Аларга мындай мүмкүнчүлүктү КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана кинематографисттер союзу түзүп бергендиги айтылат.

"Ысык-Көлдө россиялык жана кыргызстандык режиссер, продюсер жана сценаристтердин жолугушуусу өттү. РФнын кинематографисттер союзунун жана “МОСКИНО” уюмунун өкүлдөрү "Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластерине келишкен. Алар кыргызстандык кесиптештеринин жаңы тасмаларынын жана сериалдарынын идеялары менен таанышты, тасма түшүрүүгө ылайыктуу жерлерди көрүп, атүгүл тесттик кадрларды да тартып көрүштү", - деп айтылат маалыматта.

Россиялыктардын визитинин алкагында КР менен РФнын кинематографисттер бирикмеси кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон.

"Долбоордун идеясы ушул жылдын май айында, тактап айтканда, Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунда айтылган. Эми жыл сайын өтүп турат. Кийинки "Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластери 2023-жылдын июлунда өтмөкчү. Азырынча катышуучулар жаңы kinoozeromira.com сайтындагы онлайн аянтча аркылуу баарлашып турса болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости