www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча соттук териштирүү уланды. Анда мамлекеттик айыптоочулар кызды зордуктоого шектелген эки милиция кызматкерин 15, бул ишке катышы бар делген мурда соттолгон адамды 13 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу кыздын жакындары "Азаттыкка" . Сот чечим чыгаруу үчүн кеңшүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Секелектин зордукталышы боюнча жараян жабык өтүүдө.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 8-июлда башталган. Буга чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. 

Бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана “Дордой” базарында күзөтчү болуп иштеген жаран кармалган. Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости