www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Кабул шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары БУУнун башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууну Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги уюштуруп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын дипөкүлчүлүктөрүнүн башчылары катышты.

Жолугушууда Афганистанда түзүлгөн кырдаал, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгын уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары афган элине жардам көрсөтүү жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жамааттык чараларды уюштуруу максатында кабыл алуучу өлкөдө биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Последние новости