www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кондиционерди туура эмес пайдалануудан улам үйлөрдө өрт чыккан 10дой учур катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мындан улам ӨКМ кондиционерди колдонууда бир нече эрежени сактоого чакырды. Алар:

механизмдин ичинен өрт чыкпаш үчүн абанын айлануусу маанилүү. Желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционер эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек. Агрегаттын ичине суу жана чаң кирбеши үчүн эрежелерди так сактоо зарыл;

тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат, ошондуктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жаап кургатууга болбойт;

кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши керек. Аппараттын зымы буралып, кысып же өтө катуу болбошу кажет. Ал түздөн-түз розеткага туташтырылышы шарт;

кондиционердеги атайын фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу зарыл;

шайманды розеткадан суурардан мурда пульт аркылуу аны өчүрүү керек.

"Кондиционерлерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын тыныгуу талапка ылайык. Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаш керек", — деп жазылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
1178
02.07.2024 13:11