www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Рухий-Мурас» конушуна 700 орундуу мектеп курулат

«Рухий-Мурас» конушуна 700 орундуу мектеп курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү мекемеси 700 орунга ылайыкталган. “Документ иштери толугу менен бүтүп калды. Мектеп «Рухий-Мурас» конушундагы Анкара көчөсүнө курулат”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мектепти куруунун баштапкы баасы 156 млн 126 миң 673 сомду түзөт. Каржылоо булагы – шаардык бюджет.

Тендер борбор калаа мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча өтөт.

Сынак тууралуу толук маалымат бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат: http://zakupki.gov.kg

Булак: NazarNews.kg

Последние новости