www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Баары эле ачык бизнес кылган ишкерлерди байма-бай текшерип, акчаларын соорушат", - деди бүгүн, 27-июлда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Руслан Акматбек билдирди.

--"Кыргызстандын аймактарындагы майда соодагерлерди жана чакан бизнес ээлерин байма-бай текшерип, тынчын алышат. Эч ким ачык айкын бизнес жасагысы келбей калды. Эгер ачык болсо эле баары барып текшерип, акчасын сооруп жатып калышат. Ишкерлердин өз укугун толук билбегендиктен пайдаланышат. Ишкерлер да өз укугун билбегендиктен ушундай текшерүүлөргө жол беришет.

Мыйзамсыз текшерүүлөрдөн арылуу үчүн ар бир ишкерге өз укуктарын толук билүүнү камсыздоо керек жана бул жолго барган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу зарыл. Ошондо гана бул көрүнүш тыйылат.

Негизи эле милиция кызматкерлери же башкалар ишкерлердин жумушуна кийлигишпеши керек. Алар өз милдеттеринен аша чаап кээ бир ишкерлердин патенттерин, салык төлөгөнү боюнча документтерин текшерген учурлар көп эле. Эгер өкмөт чакан ишкердикти өнүктүрөм, аны колдойм десе текшерүүчү органдардын санын кыскартышы керек. Текшерүү канчалык көп болгон сайын ишкердик жүргүзүп аткандарга ошончолук тоскоолдук жаралат", - дейт активист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости