www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоскоолдуктарды түзүп алып анан баатырларча күрөш жүргүзө беребиз. Мындай пикирди жарандык активист Руслан Акматбек айтты.
--"Ушу коррупциялык схемалар жоюлуп, мамлекеттик мекемелер ачык-айкын иштесе, уруксат эрежелери түшүнүктүү, жөнөкөй болсо.
Чечимдер тез чыкса, кызматтар автоматташтырылса. Сотторду тазаласа, укук коргоо органдардын мыйзамсыз кийгилишүүсүн токтотсо. Үстөккө-босток түзүлгөн "Антикоррупционный деловой совет" дегендерге зарылчылык деле калбайт болчу.
Тоскоолдуктарды түзүп алып анан баатырларча күрөш жүргүзүп өзүбүз да кыйналып, ишкерди, элди да кыйнай беребиз, же анысындан бир майнап чыксачы", - дейт Руслан Акматбек.
Булак: NazarNews.kg