www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачка калган маймылдар шаарга кол салышты

Дүйнө коронавируска каршы кызуу күрөшүп жатса, Таиландда маймылдар ачкачылык менен күрөшүп жатат. Вирустун айынан ачкачылыкка кабылган ондогон маймыл каза болгон.Калгандары шаардагы басып алгандыктан, айдоочуларга кыйынчылыктар жаралды.

Таиланддын Лопбури шаарынын бош турган көчөлөрүн маймылдар каптаган. Бул аз келгенсип бири-бирине кол салышкан. Буга алардын өздөрүнүн жашаган жеринде тамак-аш калбагандыгы себеп болгон.

Шаардагы будда храмдарына кирүүгө аракет кылган маймылдардын тобу тамак таба албай калганда бири-бирине кол сала башташты. Маймылдын кызыктуу мушташы болгон жерде көптөгөн буддалык храмдар жана ар кандай туристтик жайлар бар.

Ошондуктан, шаарга туристтер көп келишчү жана алар маймылдарды үзгүлтүксүз тамактандырышчу. 

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынан бери уланып келе жаткан COVID-19 туристтердин келүүсүнө бөгөт койгон. Жыйынтыгында маймылдар ачкачылыктан шаарды каптоого аргасыз болушкан. Ошондой эле, мындай көрүнүш күн алыс кайталанууда.

Булак: NazarNews.kg


 

 

Последние новости