www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда континенттер аралык баллистикалык ракета учуруучу 110 шахта курулуп жатат. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат. Аларды АКШнын окумуштуулар федерациясы карап чыгып, бул шахталар өзөктүк курал үчүн экенин айтышкан.

"Курулуш иштери Хами шаарынан болжол менен 100 чакырым аралыктагы чөлдүү аймакта жүргүзүлүп жатат", — дешкен адистер.

Басылма бул нерсе жалпысынан Пекин өзөктүк курал арсеналын бекемдеп жатканынан же кытай бийлигинин АКШ менен Россиянын катышуусундагы курал-жаракка көзөмөл кылуу келишимине аралашууга даярдыгы катары кабылдаса болорун жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости