www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ишкерлердин көйгөйүн көтөрүп чыккан аянтчалар көп, бирок маселе чечилбейт", - деди бүгүн, 27-июлда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Руслан Акматбек билдирди.

Ал ишкерлердин көйгөйүн көтөрүп чыккан аянтчалар көп болгонуна карабай эч кандай маселе чечилбей жатканын айтты.

"Бизде ар бир көйгөй үчүн бир министрлик же комиссия түзүп алган жаман адатыбыз бар, бул деле ошондой сезилет. Бирок таптакыр эле мунун салымы болбойт деп айтканга болбойт. Жардамы тийиши мүмкүн.

Ушул сыяктуу Бизнес-акыйкатчы институтун түздү, бардык көйгөй чечилип кетет жок. Өлкөдөгү бардык бизнес ассоциациялары бизнес-акыйкатчы милдетин аткарып, өкмөт менен ишкерлердин, ишкерлер менен коомдун ортосунда кандайдыр бир байланыш түзүп келишет. Ишкерлердин көйгөйүн көтөрүп чыккан аянтчалар да көп бар. Бирок эч кандай маселе чечилбейт", - дейт Акматбек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости