www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлгө "Асман" шаары курулса, ошончо саркынды суу, бир миллион кишинин таштандысы каяка кетет? Мындай суроону жарандык активист Руслан Акматбек узатты. 

--"Нурсултан Назарбаев "Кыргызстанда 30 жылда эчтеке салынган жок" деп балп эткени бар. Анан биз намыстанып, "Асман" деген шаар салабыз деп чыктык окшойт. Туура эмес түшүнгөнүбүз аз келгенсип, "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" болдук.

Мугалим менен врачтын айлыгы 5000-7000 сом. Жакшы врач, мугалим четке кетип жатат. Мектептерибиз контейнерден. Каражат жок, бюджет тартыш. Тышкы карыз кокодон. Армиябыздын ыштаны жок. Шаарды кой, оңгулуктуу туалет сала албайбыз анан биз мындай мамилебиз менен керемет көлүбүздү сазга айлантабыз.

Ысык-Көлдү мүмкүн болушунча сактап калууга аракет кылышыбыз керек. "Асман" шаары курулса, ошончо саркынды суу, бир миллион кишинин таштандысы каяка кетет?! Бишкектин экологиясын талкалап, эми көлдүкүн талкалайлыбы?! Кудай берген жаратылыштан башка колубузда ырыстуу деле эчтекебиз жок.

Жеп-ичип, талкалап, бүлүндүрүп, тоноп бүткөнбүз. Колубуздагыны сактап, андан ары өнүктурүп алалычы асмандын башын сүйлөбөй. Бийлик, тезинен реалдуулук менен байланыш министрин дайындагылачы, сураныч!", - дейт активист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости