www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен кезикти. Жолугушуу кечээ, 19-майда, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги отурумунун алкагында болгонун ТИМден кабарлашты.
Тараптар алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейинки келишимдердин аткарылышын талкуулашты.
«Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактагы кырдаал боюнча ой-пикирлер айтылды. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты», — деп айтылат билдирүүдө.
Орустянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын аракеттерин кубаттап, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуу зарыл экенин белгиледи.
Эске салсак, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги жыйыны Тажикстанда өттү.
Булак: NazarNews.kg