www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин чыгыш бөлүгүндө 200дөй киши автожолду жаап алууга аракет кылды. Алар суунун өчүрүлүшүнө нааразы болуп жатканын жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Окуя кечээ, 19-майда саат 22:00 чамасында Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде болду.
Чогулган эл алар жашаган Рухий Мурас конушуна бир нече күндөн бери суу берилбей жаткандыктан ушундай кадамга барышканын айткан.
Белгилей кетсек, буга чейин «Бишкек суу каналы» ишканасы маалымат таратып, айрым конуштарда ичүүчү сууга болгон карыз 17,9 миллион сомго жеткендиктен, суу жеткирүүнүн көлөмү чектелгендигин билдирген.
Бирок чогулгандардын арасынан таптакыр карызы жок экенин айткандар бар.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жолду ачты. Учурда чогулгандардын саны азаюуда. Ошондой эле жерине Лебединовка айыл өкмөт башчысы келгени дагы айтылууда.
Булак: NazarNews.kg